ЖОЖдор аралык кичи футбол боюнча ректордун кубогу өттү

Башкы Жаңылыктар

ЖОЖдор аралык кичи футбол боюнча ректордун кубогу өттү

 

ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата ЖОЖдор аралык кичи футбол турнири жыйынтыкталды.

Турнирде өлкө боюнча ЖОЖдордон келген 40 жашка чейинки жана 40 жаштан  жогорку профессордук-окутуучулук курам жана кызматкерлерден түзүлгөн командалар катышты.

Мелдештин алдынан ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган ректорат жамааты жана окуу жайдын факультеттеринин декандарынан түзүлгөн командалар жолдоштук мелдеш өткөрүштү.

Кичи футбол боюнча турнирдин жыйынтыгында 40 жаштан жогорку командалар ортосунда 1-орунду ОшМУнун командасы, 2-орунду Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин командасы, 3-орунду ОшТУнун командасы жеңди. Ал эми 40 жашка чейинки командалар арасындагы мелдеште 1- орунду ОшМУнун командасы, 2-орунду ЖАМУнун командасы, 3-орунду  ОшМУнун ФМТИТ институтунун командасы ээледи. Жеңүүчүлөргө ректордун кубогу, дипломдор, акчалай сыйлыктары тапшырылды.

Фото галерея