“Ордо” оюну боюнча ОшМУнун командасы биринчи орунду ээледи

Башкы Жаңылыктар

“Ордо” оюну боюнча ОшМУнун командасы биринчи орунду ээледи

Image

“Ордо” оюну боюнча Ош шаарынын биринчилигинде ОшМУнун курама командасы 1-орунду ээледи. Оюн 2024-жылдын 6- апрель күнү  Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнүнө карата өткөрүлдү. Ага   Ош шаарында жайгашкан жогорку жана орто окуу жайлардын командалары катышты. 
ОшМУнун «Ордо» оюну боюнча курама командасы 2007-жылы түзүлгөн. Университеттин сегиз кызматкеринен турган команданын капитаны Мамадалы Накатаев. 
ОшМУнун командасы түптөлгөндөн бери акыркы эки жылда катары менен Ыссык-Көлдө өткөрүлгөн республикалык окутуучулардын спартакиадасында алдыңкы орунду багындырып келишет.
Буга байланыштуу ректор Кудайберди Кожобековдун колдоосу менен команданын машыгуусу үчүн 2023-жылы Ак-Буура кампусунда Ордо аянтчасы салынып, пайдаланууга берилген.

Фото галерея