ОшМУда Иманалы Айдарбековдун 140 жылдыгына арналган конференция өттү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда Иманалы Айдарбековдун 140 жылдыгына арналган конференция өттү

Image

 ОшМУда Кыргызстандын көрүнүктүү коомдук жана мамлекеттик ишмери, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун жетекчиси  Иманалы Айдарбековдун 140 жылдыгына жана ОшМУнун 85 жылдык мааракесине арналган “Иманалы Айдарбеков – биринчи жетекчи” аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференцияга Жогорку Кеңешинин депутаттары Жанарбек Акаев, Чингиз Айдарбеков, Марлен Маматалиев, Эльдар Абакиров,   Азамат Исираилов, Гулкан  Молдобекова, Айсулуу Мамашова, Президентинин кеңешчиси Арслан Койчиев, профессор Зайнидин Курманов, "Мурас" фондунун төрагасы Кыяс Молдокасымов, Билим  берүү жана илим министринин орун басары  Расул Абазбек уулу, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова,  Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн, Ош шаардык мэриясынан өкүлдөр, ЖОЖдордон келген окумуштуулар, илимпоздор, студенттер катышты. 

Коноктор ОшМУнун окуу-өндүрүштүк, илимий жана стартап долбоорлорунун  көргөзмөсү, окуу жайдын музейи менен таанышты.

Конференцияда Иманалы Айдарбековдун Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө жана экономика тармактарынын өнүгүшүнө кошкон салымы, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралуусуна, Кыргыз Республикасынын толук эгемендүүлүгүнө жана өз алдынчалыгына жетишүүсүндөгү кошкон салымы боюнча сөз болду.

 “Иманалы Айдарбековдун 140 жылдыгына арналган иш-чаралардын эң алгачкысы ОшМУдан башталып жатат. Окуу жай аябай жогорку денгээлде уюштургандыгына күбө болуп турабыз. Конференцияда окумуштуулар тарабынан буга чейин айтылбаган маалыматтар болду, алдыда ушул сыяктуу илимий изилдөөлөрдү жыйнап, китеп же жыйнак чыгарсак жаштар үчүн маалымат булагы болуп калат деген ишнеичтемин”,-деди Иманалы Айдарбековдун урпагы Чингиз Айдарбеков.

Жыйындын соңунда ОшМУнун бир топ окутуучуларына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамоталары, ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Иш-чаранын алкагында ОшМУнун бизнес жана менеджмен факультетиндеги И.Айдарбеков атындагы “Мамлекеттик башкаруу” кабинетинин ачылышы аземи өттү. Андан сырткары ОшМУнун окуу-лабораториялык корпустары, кампустары менен таанышышты.

Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Альянс” парламенттик фракциясы, Ош мамлекеттик университети менен биргеликте  уюштурулду.

И. Айдарбеков 1884-жылы Чүй облусунун Сокулук районунда туулган. 1924-жылы Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун революциялык комитетинин төрагалыгына шайланган.  1924-жылдын декабрь айында - Иманалы Айдарбековдун талабы менен Кыргыз Автономиясынын мамлекеттик бийлик органдары Ташкенттен Бишкекке которулган. 1991-жылы сөөгү «Атабейит» көрүстөнүнө кайра коюлган.

Фото галерея