ОшМУда “ОшМУ кечээ жана бүгүн” брейн-ринг акыл таймашы өттү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда “ОшМУ кечээ жана бүгүн” брейн-ринг акыл таймашы өттү

Image

ОшМУнун 85 жылдык мааракесине  карата “ОшМУ кечээ жана бүгүн” деген темада брейн-ринг акыл таймашы өттү. Таймашка университеттин факультет, колледждеринде билим алып жаткан студенттеринен куралган 13 команда катышты.

Командалар ОшМУ тууралуу түзүлгөн тармактуу жана тематикалуу суроолор, кругозордук жана варианттуу суроолор, логикалык суроолор же баш катырмалар деген тапшырмалар боюнча упай топтошту.

Таймаштын жыйынтыгында 1-орунду университеттин акыйкатчы аппаратындагы студенттерден түзүлгөн "Акыйкат" командасы, 2-орунду Бизнес жана менеджмент факультетинин  "ГМУ" командасы, 3-орунду Тарых жана социалдык иштер факультетинен түзүлгөн  "Чын Айт" командалары ээледи.

Жеңүүчүлөргө жана мыкты оюнчуларга дипломдор, "Эрудит студент”, “Эрудит команда" номинациялары тапшырылды. Таймашты "Билерман ордо" интеллектуалдык клубунун магистри Семетей Амиралиев алып барды.

Брейн-ринг ОшМУнун тарыхын, жетишкен ийгиликтерин даңазалоо, студенттердин ортосунда достук мамилени чыңдоо максатында университеттин аспирантура жана докторантура бөлүмү, коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректору менен биргеликте уюштурулду.

Фото галерея