Кыргыз Республикасы эл аралык мамилелердеги контексте: учурдагы абалы жана келечеги талкууланды

Башкы Жаңылыктар

Кыргыз Республикасы эл аралык мамилелердеги контексте: учурдагы абалы жана келечеги талкууланды

Image

Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков Эл аралык мамилелер факультетинин студенттери магистранттары жана профессордук-окутуучулук курамы үчүн конок лекция окуду.

Конок лекция «Кыргыз Республикасы эл аралык мамилелердеги контексте: учурдагы абалы жана келечеги» аталышында болду. Лекцияда Кыргызстандын учурдагы тышкы саясаты, геосаясаясаттагы орду жөнүндөгү маалыматтар камтылган. Ошондой эле дүйнөдөгү болуп жаткан геосаясий жараяндар, согуштар, чыналуулар боюнча талкуу орун алды.

Иш-чарада депутат Чыңгыз Айдарбеков студенттер,магистранттар менен баарлашып, суроолоруна жооп берди .

Фото галерея