Окуу жайда эмгектенген 500гө чукул кызматкерге ифтар уюштурулду

Башкы Жаңылыктар

Окуу жайда эмгектенген 500гө чукул кызматкерге ифтар уюштурулду

Image

ОшМУда  эмгектенген 500гө чукул ашуун профессордук-окутуучулук курам жана кызматкерлерге ооз ачар өткөрүлдү. Иш-чара  окуу жайдын жетекчиси Кудайберди Кожобековдун демилгеси менен  кесиптик бирлик комитети тарабынан уюштурулду. 
Окуу жайдын чоң актылык залына  дасторкон жайылып, университетте эмгектенип жүрүп, көзү өтүп кеткен агай-эжекелердин рухтарына багышталып куран окулду. 
Ошондой эле өлкөбүздүн  тынчтыгы, биримдиги, туруктуулугу жана элибиздин амандыгы үчүн бата  кылынды. Бул иш-чара ар жылы Орозо айында өткөрүлүп келет.

Фото галерея