ОшМУга 85: Китеп окуу боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУга 85: Китеп окуу боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды

Image

ОшМУда Насиба Абдуллаеванын “Эртең дебе” китебинин негизинде өткөн китеп окуу боюнча факультеттер аралык мелдештин жыйынтыгы чыгарылды. Ага ылайык 1-орун 15 миң сом жана I даражадагы диплом менен  Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин студенти Айгерим Нуриддинова, 2-орун 10 миң сом жана II даражадагы диплом менен Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин студенти Ясина Даниярова сыйланды. Ал эми 3-орун 5 миң  сом жана III даражадагы дипломго  Орус филологиясы факультетинин студенти Мырзайым Эрматова ээ болду. Ошондой эле 16 студентке акчалай сыйлыктар, кызыктыруучу белектер тапшырылды.
Насиба Абдуллаеванын “Эртең дебе” китебинде жалкоолуктан арылуу, бүтө турган жумушту эртеңкиге калтырбоого үгүттөлөт. Мындан улам уюштуруучулар атайын ушул китепти тандап, муну менен студенттерге мотивация берүүнү максат кылышкан. 
Сынакка жалпы 600 студент катталып, анын 300ү мелдешке катышты. 
Мелдеш университеттин илимий китепканасынын  “StudClub” студенттик борбору тарабынан  ОшМУнун 85 жылдыгына  карата уюштурулду.

Фото галерея