Жетекчи менен бир саат: конокто Нурлан Омуров 

Башкы Жаңылыктар

Жетекчи менен бир саат: конокто Нурлан Омуров 

Image

ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Нурлан Омуров эркин форматта окуу жайда билим алып жаткан студенттер менен маектешти. Баарлашуу «Жетекчи менен бир саат» долбоорунун алкагында уюштурулду. Студенттер проректорго кесиптик ишмердүүлүгү, жеке жашоосу жана кызыгуулары жөнүндө суроолорду беришти. 
Нурлан Омуров жолугушуунун жүрүшүндө ОшМУдагы окуу процессесиндеги  өзгөрүүлөр, жаңы киргизилип жаткан билим берүү программалары боюнча студенттерге маалымат берди. Баарлашуунун соңунда проректор жыйынтыктоочу сөзүн айтып, мыкты суроо берген студенттерге белектерин тапшырды. 
Студенттер менен маектешүү мындан ары дагы уланат. Ага ОшМУнун бүтүрүүчүлөрү, белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, саясатчылар, өз тармактарынын мыктылары чакырылат. Максат студенттерге эркин баарлашуу аянтчасын түзүү менен аларга стимул берүү.

Фото галерея