Өкмөт башчы Акылбек Жапаров ОшМУнун студенттери үчүн лекция окуду

Башкы Жаңылыктар

Өкмөт башчы Акылбек Жапаров ОшМУнун студенттери үчүн лекция окуду

Image

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров өлкөдөгү 5 жогорку окуу жайынын анын ичинде ОшМУнун  профессордук-окутуучулук курамы жана  студенттери үчүн онлайн форматта лекция окуду.  

Өкмөт башчы лекциянын алкагында өлкөнүн  экономикасынын өткөнү, бүгүнкү абалы,  өлкөдө каржы секторунда,  энергетикада, транспортто, курулушта, саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу айтты.

Ошондой эле жолугушуунун катышуучуларынын суроолоруна жооп берди.

Фото галерея