Математиканы окутуудагы интерактивдүү методдор боюнча конок лекция окулду

Башкы Жаңылыктар

Математиканы окутуудагы интерактивдүү методдор боюнча конок лекция окулду

Image

 Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунда Нарын мамлекеттик университетине караштуу Педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кесипке кайра даярдоо борборунун кабинет башчысы,  п.и.к., Россиядагы Табият Таануу Академиясынын профессору Бурулбүбү Биймурсаева “Математиканы окутуудагы интерактивдүү методдор” деген темада конок лекция окуду.

Конок лекцияга 550200 “физика-математикалык” билим берүү программасынын студенттери, магистранттары жана “билим берүүдөгү менеджмент”  программасынын магистранттары катышышты. Лекция академиялык кызматташтык түзүү максатында уюштурулуп, математиканы окутуудагы интерактивдүү методдор боюнча жаңыча маалыматтар берилди.

Конок лекция Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунун математика, информатиканы окутуу технологиялары жана билим берүүдөгү менеджмент кафедрасы тарабынан уюштурулду.

Фото галерея