Сүрөтчү студенттин эмгектеринин көргөзмөсү тартууланды 

Башкы Жаңылыктар

Сүрөтчү студенттин эмгектеринин көргөзмөсү тартууланды 

Image

Искусство факультетинин студенти Нурмырза Салиевдин алгачкы жеке сүрөт көргөзмөсү өттү. Көргөзмөгө студенттин пейзаж, портрет, натюрморт жана анималисттик жанрларда тартылган 50дөн ашуун эмгеги коюлду.
Иш-чарага Коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректору  Нуржамал Мапаева, искусство өкүлдөрү, сүрөт өнөрүнө кызыккандар, студенттер жана окутуучулар катышты. Нурмырза Салиевге ОшМУнун Ыраазычылык каты тапшырылды.
Нурмырза Салиев учурда сүрөт чийүү багыты боюнча 4-курста билим алат. Бул багыт боюнча билим алган студенттер үчүн факультетте бардык шарттар түзүлүп, керамика цехи иштейт. Анда студенттер чоподон ар түрдүү сувенирлерди жасашат. Ошондой эле сүрөтчү студенттер коңшу өлкөлөрдө өткөрүлгөн түрдүү көргөзмөлөргө катышып келүүдө.

Фото галерея