ОшМУда айымдар улуттук кийим-кечелерди даңазалашты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда айымдар улуттук кийим-кечелерди даңазалашты

Image

Ош мамлекеттик университети Кыргызстандын Аялдар кеңеши бирикмесинин Ош өкүлчүлүгү менен биргеликте "Этно фотосессия" иш чарасын өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар улуттук кийимдерди кийип, обондуу ырлар ырдалып, искусство факультетинин жана индустриалдык-педагогикалык колледжинин дизайнерлеринин эмгектери көрсөтүлдү. Улуттук кийимде кийинген катышуучулар ОшМУнун алдында, ОшМУнун музейинде сүрөткө түшүп жагымдуу маанай тартууланды. Маданий иш-чара университеттин 85 жылдыгына карата уюштурулду. Ага шаардагы ЖОЖдордон, медицина тармагынын аялдар кеңештеринен өкүлдөр конок катары катышты. "Этно фотосессия" иш-чарасы кыргыз улуттук кийимин аздектөө, барктуулугун көтөрүү, даңазалоо максатында өткөрүлдү.

Фото галерея