Бильярд боюнча мелдеште агайлар байгелүү орундарга ээ болду

Башкы Жаңылыктар

Бильярд боюнча мелдеште агайлар байгелүү орундарга ээ болду

Image

21-март НООРУЗ  майрамына карата бильярд боюнча  мелдеште  ОшМУнун агайлары байгелүү орундарды алды. Мелдеш Ош шаарындагы ЖОЖдордун 45 жашка чейинки жана 45 жаштан жогорку кызматкелери  арасында өттү.
Жыйынтыгында 45 жашка чейинки агайлар арасында 1-орунга Искусство факультетинин окутуучусу Кубанычбек  Орозбаев 1 даражадагы диплом, 10миң сом,  ал эми 45 жаштан жогорку агайлар арасында Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун профессору Идирис Кенжаев 1 даражадагы диплом, 10миң сом, Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун доценти Шермамат Оморов  3 даражадагы диплом, 3миң сом менен сыйланды.
Спорттук иш-чара 2023-жылдын 14-мартында Ош облусттук  билим, илим кызматкерлеринин  профсоюз комитети тарабынан өткөрүлдү.

Фото галерея