Сүрөтчүлөр арасында өткөн сынакта ОшМУнун студенттери алдыңкы орундарды алды 

Башкы Жаңылыктар

Сүрөтчүлөр арасында өткөн сынакта ОшМУнун студенттери алдыңкы орундарды алды 

Image

Ош шаардык маданият башкармалыгы тарабынан 8-Март Аялдардын эл аралык күнүнө карата сүрөтчүлөр арасында сынак өткөрүлдү. Конкурска 16 жаштан 24 жашка чейинки  студенттер катышып, “Манас эпосундагы айымдар” аталышында болду.
Сынакка ОшМУнун искусство факультетинин эки студенти катышты. Көркөм сүрөт адистигинин студенти  Уулкан Осмонова  1-орунду, ал эми текстиль жана жеңил өнөр жай буюмдарын көркөм долбоорлоо адистигинин студенти 
Хайрулла кызы Айгүл 2-орунду ээледи.
Жеңүүчүлөргө  Ош шаардык маданият башкармалыгы тарабынан, Ташкент шаарына эс алууга жолдомо жана дипломдор тапшырылды.

Фото галерея