ОшМУнун мырзалары айымдарды куттуктады

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун мырзалары айымдарды куттуктады

Image

Ош мамлекеттик университетинин мырзалар жамааты окуу жайда эмгектенген  айымдарга майрамдык кече тартуулады.

Майрамдык кечеде ректор Кудайберди Кожобеков жалпы мырзалардын атынан куттуктоо жолдоду. “Учурда ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамдын жалпы саны 3822 болсо, анын ичинде аялдардын саны 60 пайызга барабар. Бул да болсо аялзатынын активдүүлүгүнөн кабар берет. Университеттин өзөгүн түзгөн илим тармагында да айымдарыбыз арбын. Куттуу окуу жайыбызда илимдин докторлорунун 31и аялдар, башкача айтканда дээрлик жарымы,  илимдин кандидаттарынын 301и аялдар, демек, жалпы кандидаттардын жарымынан көбү эжекелер болуп эсептелет. 2023-2024- окуу жылында окумуштуулук даражага 23 сыймыктуу окумуштуу эжекелер ээ болду”, -деди. Андан сырткары окуу жайда аткарылып жаткан жана алдыда аткарыла турган иштери тууралуу маалымат берди.

ОшМУнун өсүп-өнүшүнө өз салымдарын кошуп, студенттерге татыктуу билим-тарбия берип үзүрлүү эмгектенип келе жаткан айымдарга жана 21-февраль — Эне тилдин эл аралык күнүнө карата уюштурулган иш-чарада активдүү катышкан эжекелерге  ОшМУнун "Эмгек сиңирген ишмери" төш белгиси, Ардак грамотасы, акчалай сыйлыктары, алкыш баракчалары тапшырылды.

Майрамдык иш-чарада окуу жайдын факультеттеринин декандары, колледждеринин директорлору тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды. Анда окуу жайдын факультет, колледждерин жетектеп келе жаткан мырзалар ыр ырдап, бий бийлеп, “Манас” эпосунан үзүндү айтып кечени шанга бөлөдү.

Фото галерея