Окуу жай жетекчиси ардагер айымдарды куттуктады

Башкы Жаңылыктар

Окуу жай жетекчиси ардагер айымдарды куттуктады

Image

8-март – Аялдардын эл аралык майрамынын урматына Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков окуу жайда көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келе жаткан ардагер эжекелерди куттуктады.

Ректор ОшМУда эмгектенген ар бир эжекенин билим берүүдө, жаштарды тарбиялоодо, университеттин өнүгүүсүнө кошкон салымдарын айтып, өзүнүн майрамдык белегин тартуулады. Арадагер эжекелер окуу жай жетекчисине ыраазычылык сөздөрүн айтып, окуу жайда өсүп-өнүгүү болуусун тилек кылышты.

Мындай майрамдык кече жыл сайын жетекчилик тарабынан уюштурулуп келет.

Фото галерея