Математиктердин түштүк регионалдык семинары өткөрүлдү

Башкы Жаңылыктар

Математиктердин түштүк регионалдык семинары өткөрүлдү

Image

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 2-мартта  профессор, окумуштуу, ардактуу академик Келдибай Алымкулов атындагы "Математиканын актуалдуу маселелери жана анын колдонулуштары" аттуу математиктердин  түштүк регионалдык семинары болуп өттү. 

Семинарга ОшМУнун профессорлору Г. Матиева, А. Сопуев, Д. Турсунов, доценттер А. Абдувалиев, Т. Бекешовдор, ЖАМУнун профессорлору К. Алыбаев, А. Джураевдер баштаган математиктер жана БатМУнун жаш математик окутуучулары катышты.

Семинарда профессор Курманбек Алыбаевдин жетекчилигиндеги ЖАМУнун математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын  улук окутуучулары Майрамгул
Нурматова  "Автономдук сингулярдык козголгон тендемелердин чечимдеринин туруксуз тең салмактуу абалга жакын кармалышы", Назгүл Мусакулова "Сызыктуу эмес түспөлдөгү сингулярдуу козголгон теңдемелердин чечимдерин регулярдык кубулуудагы ажырымы"  деген темаларда баяндамаларын жасашты.

К. Алымкулов атындагы регионалдык семинар 2008-жылы түзүлгөн.  Бир айда бир жолу уюштурулуп келет.  Семинар  аспиранттардын, жаш окумуштуулардын жана докторанттардын алган илимий натыйжаларын талкуулоо жана сунуштама берүү максатын көздөйт.

Бул  регионалдык семинар 2008-жылы  профессор К. Алымкулов тарабынан түзүлгөн.  Бир айда бир жолу уюштурулуп келет.  Семинар  аспиранттардын, жаш окумуштуулардын жана докторанттардын алган илимий натыйжаларын талкуулоо жана сунуштама берүү максатын көздөйт.

Фото галерея