Анжиян мамлекеттик институтунун профессорлору студенттерге практикалык сабактарды өтүштү

Башкы Жаңылыктар

Анжиян мамлекеттик институтунун профессорлору студенттерге практикалык сабактарды өтүштү

Image

Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетиндеги «Өзбек тили жана маданияты» борбору менен илимий, адабий, маданий байланыштарын чыңдоо максатында Анжиян мамлекеттик педагогикалык институтунун делегациясы иш сапары менен келди.

Делегацияны Анжиян мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетинин деканы Шаробиддин Хасанов  жетектеп келген. Коноктор сапардын алкагында  студенттерге кызыктуу жана мазмундуу баяндамаларды   окуп, практикалык сабактарды өтүп беришти.

Жыйын уюштурулуп, анда кыргыз жана өзбек тилин, адабиятын, маданиятын өнүктүрүү жана кызматташуу боюнча факультеттер аралык келишимдерге кол коюлду.

Ошондой эле, ОшМУнун тышкы байланыштар боюнча проректору Курсантбек Аттокуров Анжиян мамлекеттик педагогикалык институтунун делегация мүчөлөрүнө конок лекция өтүп бергендиги үчүн сертификаттарды тапшырды.

Фото галерея