Динара – чемпион!

Башкы Жаңылыктар

Динара – чемпион!

Image

Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өткөн спорттук жана күжүрмөн самбо, алыш бел боо күрөшү боюнча  эркектер жана кыз-келиндер арасында Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталды.

Чемпионатка катышкан ОшМУнун медицина факультетинин фармация адистигинин бүтүрүүчү курсунун студенти Динара Камчыбекова 70 кг салмакта алыш бел боо күрөшү боюнча I орунду ээледи. Динара 72 кг салмакта спорттук самбо боюнча  да  I орунду багындырып,диплом жана медалдар менен сыйланды.

Дзюдо, самбо жана алыш күрөшү боюнча спорттун чебери Динара Камчыбекова  алдыда V Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна, Азия жана дүйнөлүк мелдештерге даярдык көрүүдө.

Фото галерея