“Кара-Суу” гимназиясынын 3 окуучусу республикалык олимпиадага катышат

Башкы Жаңылыктар

“Кара-Суу” гимназиясынын 3 окуучусу республикалык олимпиадага катышат

Image

Ош шаарындагы У.Салиева атындагы зээндүү балдардын жатак лицейинде республикалык олимпиаданын облустук этабы өттү. Олимпиадага ОшМУнун “Кара-Суу”  гимназиянын 4 окуучусу катышты. Алардын үчөөсү республикалык олимпиадага жолдомо алды.

11-класстын окуучусу Бегимай Анарбаева орус тили предмети боюнча 1-орунду, математика предмети боюнча 11-класстын окуучусу Эрмек Орозбаев, химия предмети боюнча 9-класстын окуучусу Гүлпери Жуматаевалар 2-орунду ээлешип республикалык олимпиадага жолдонмо алышты. 8-класстын окуучусу Руслан Нурмахамадов физика предмети боюнча 5-орунду ээледи.

“Ийгилик жараткан окуучуларды химия предметинен Аскар Садиков, математика предметинен  Абдилабал Тайтокур уулу, орус тили предметинен Элина Алмазбек кызы, физика предметинен  Райкан  Абдимиталип кызы даярдап алып барышкан. ОшМУнун "Кара-Суу" гимназиясында химия, математика, физика предметтери боюнча  тереңдетилген билим берилет. Буга чейин 3 окуучубуз “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына ээ болгон”, -деди мектептин директору Мадина Суюнбаева.

Облустук этапта жеңишке жеткен 34 окуучу 17 багыт боюнча олимпиаданын республикалык баскычына катышат.

Фото галерея