Студенттер мектептерде психосоциалдык эксперименттерди  жүргүзүштү

Башкы Жаңылыктар

Студенттер мектептерде психосоциалдык эксперименттерди  жүргүзүштү

Image

Психология кафедарсы 26-февралдан 2-мартга чейин  окуу жайда жана шаарда Психолгия жумалыгын өткөрүүдө.

Жумалыктын жүрүшүндө, психология кафедрасынын окутуучулары жана студенттери Ош шаарындагы мектептердин жогорку класстарынын окуучуларына жана окуу жайдагы студенттерге социалдык сурамжылоо жүргүзүштү.

Мындан сырткары, мектеп бүтүрүүчүлөрүнөн кесипке багыттаган психологиялык тест алынды. Аны менен катар эле «Мектептеги рэкетчилик» темасында психосоциалдык эксперимент жүргүзүштү.

Оштогу тажрыйбалуу психологдордун катышуусунда, окутуучулар жана студенттер үчүн “Кесиптик жана эмоционалдык жактан чарчоо” аталышында семинар да уюштурулду.

Жумалыктын максаты мектеп бүтүрүүчүлөрүнө  психология  адистиги боюнча маалымат берүү. Бул адистикте билим алган студенттердин кесиптик чеберчилигин арттыруу жана психолог кесибине карата социалдык позитивдүү мамилелерди калыптандыруу.

Фото галерея