ОшМУда социалдык иштер боюнча I кышкы мектеп жыйынтыкталды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда социалдык иштер боюнча I кышкы мектеп жыйынтыкталды

ОшМУнун тарых жана социалдык иштер факультетинин сациалдык иштер кафедрасы жана Кыргызстандагы Социалдык иш түйүндөр Ассоциациясы тарабынан Кыргызстандагы социалдык иштер боюнча I кышкы мектеп уюштурулду.

Кышкы мектепке Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, ички иштер кызматкерлеринин, билим берүү мекемелеринин, кризистик борборлордун өкүлдөрү, социалдык кызматкерлер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистери, окутуучулар, студенттер катышууда.

“Кыргызстандагы социалдык иштердин келечеги жана модернизациясы: кадр саясаты жана практикасы” аталышындагы иш-чара 3 күн өтөт. Иш-чаранын  биринчи күнү катышуучулар калкты кепилденген социалдык коргоого багытталган көйгөйлөр, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун алдын алуу, кадр даярдоо маселелери, социалдык кызматтар боюнча мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү тууралуу баяндамаларды жасашты.

Экинчи күнүндө инклюзивдик билим берүүнү ишке ашырууда социалдык педагогиканын орду, социалдык иштер алкагындагы билим берүүдөгү мамлекеттик стандарттардын жана компотенциялардын ролу темасында баяндамалар окулуп, атайын адистер тарабынан мастер-класстар өткөрүлдү.

Ал эми жыйынтыктоочу күнү “Кыргызстанда социалдык кызматкерлерди даярдоо үчүн ченемдик билим берүү иш кагаздарын аймактык унификациялоонун мүмкүнчүлүктөрү” деген темада тегерек стол уюштурулду. Жыйынтыгында Кышкы мектептин катышуучулары тарабынан талкууланган маселелердин алкагында резолюция кабыл алынып, ал тиешелүү министрликтерге, өкмөткө жиберилери маалым болду.

“Эки жылдан бери Кыргызстандан делегация чет өлкөлөрдө уюштурулган жайкы мектептерге катышып келе жатабыз.  Борбордук Азияда жайкы мектептер Өзбекстандын Самарканд, Тажикстандын Худжант шаарында өттү. Биз ошол жайкы мектептерден алган тажрыйбаларды колдонуп кышкы мектепти уюштурдук. Алдыда социалдык иштер боюнча жайкы мектептерди да өткөрүүнү пландаштырып жатабыз”, -деди Тарых жана социалдык иштер факультетинин социалдык иштер кафедрасынын башчысы Нурзыйнат Токторбекова.

Фото галерея