Мекенди коргоочулар күнүнө карата бильярд боюнча мелдеш өттү

Башкы Жаңылыктар

Мекенди коргоочулар күнүнө карата бильярд боюнча мелдеш өттү

Image

ОшМУнун кесиптик бирлиги 23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата бильярд боюнча мелдеш уюштурду. Ага окуу жайда эмгектенген 45 жашка чейинки жана 45 жаштан жогорку агайлар катышты

Жыйынтыгында, 45 жаштан жогорку агайлар арасында 1-орунду медициналык  колледждин  окутуучусу К.Джапаров, 2-орунду математика жана информациялык технологиялар факультетинин доценти Т.Асылбеков, 3-орунду бизнес жана менеджмент факультетинин доценти С.Абдыкадыров жана дене тарбия факультетинин улук окутуучусу Т.Даминов ээледи.

Ал эми 45 жашка чейинки агайлар арасында 1-орунду №4б жатаканасынын  коменданты Б.Боронбаев,  2-орунду искусство факультетинин окутуучусу К.Орузбаев, 3-орунду математика жана информациялык технологиялар факультетинин окутуучусу Э.Алмазбек уулу жана дене тарбия факультетинин окутуучусу Б.Колдошев жеңип алды. 

Жеңүүчүлөр жана мыкты оюнчулар ОшМУнун кесиптик бирлиги тарабынан баалуу белектер, диплом, кубоктор менен сыйланды.

Бильярд боюнча биринчилик жамаат ичинде ынтымакты чыңдоо, окутуучулардын көңүлдүү эс алуусун уюштуруу, спортту сүйүүгө үндөө, майрамдык маанай тартуулоо максатында уюштурулуп келет.

Фото галерея