WorldSkills Kyrgyzstan чемпионатында ОшМУнун студенти алдыңкы орунду багындырды

Башкы Жаңылыктар

WorldSkills Kyrgyzstan чемпионатында ОшМУнун студенти алдыңкы орунду багындырды

Image

Индустриалдык-педагогикалык колледжинин студенти  Наргиза Жолдошбай кызы - WorldSkills Kyrgyzstan жумушчу кесиптердин улуттук чемпионатынын “Мода технологиясы” адистиги боюнча I орунду  ээледи.

Жыйынтыгында, Наргизага  2024-жылдын 10-15-сентябрында Франциянын Лион шаарында өтө турган эл аралык чемпионатка катышууга жолдомо берилди.

Бишкек шаарында өткөн чемпионаттын республикалык улуттук туруна 19 окуучу катышты. Мында алар “Ширетүү технологиясы”, “Ашпозчулук” жана “Мода технологиясы” адистиктери боюнча таймашкан.

WorldSkills International – эл аралык коммерциялык эмес ассоциация болуп, жумушчу кесиптерди жайылтуу, кесиптик даярдоонун жана квалификациянын статусун жана стандарттарын жогорулатуу максатында  бүткүл дүйнө боюнча эл аралык мелдештерди өткөрүп келишет.

Фото галерея