“ОшМУ мырзасы-2024” сынагында ким жеңүүчү аталды?

Башкы Жаңылыктар

“ОшМУ мырзасы-2024” сынагында ким жеңүүчү аталды?

Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдык мааракесине жана Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата «ОшМУ мырзасы-2024» сынагы 22-февралда «Кыргызстан» кинотеатрында болуп өттү.

Сынактын шарттарына ылайык университеттин факультеттеринен, колледждеринен мыкты деп тандалып алынган 13 мырза 4 турда өз чыгармачылыктарын тартуулашты.

Жыйынтыгында Индустриалдык-педагогикалык колледжинин студенти Нурсултан Эркебаев «ОшМУ мырзасы-2024» номинациясына ээ болсо,  Тарых жана социалдык иштер факультетинин студенти Абдырахман Алимов 1-орунду, Медициналык колледждин студенти Манас Анарбеков 2-орунду,  Искусство факультетинин студенти Сайфидин Шайирбеков 3-орунду ээледи.

Медицина факультетинин студенти Сыймык Ташиевге «ОшМУнун интеллектуал мырзасы-2024», “ОшМУнун инстаграмм мырзасы-2024”, Математика жана информациялык технологиялар факультетинин студенти Рамазан Амирбек уулуна «ОшМУнун таланттуу мырзасы-2024»,  Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин студенти Баел Женишбек уулуна “ОшМУнун күчтүү мырзасы-2024”, СТЕМ инновациялык колледжинин студенти Даниел Кошунбаевге “ОшМУнун стилдүү мырзасы - 2024” номинациялары ыйгарылды.

Сынакта «ОшМУ мырзасы-2024» номинациясын, баш байгени жеңип алган жеңүүчүгө 20 000 сом акчалай сыйлык, диплом,  сертификаттар таршырылды.  Сынакта байгелүү орундарга ээ болгондорго жана номинация ээлерине окуу жай тарабынан акчалай сыйлыктар, дипломдор, белектер берилди.

“Аталган мырзалар сынагы студенттерге тарбия берүү, улуттук баалуулуктарды, кыргыздын маданиятын даңазалоо, мырзалардын интеллектуалдык жана маданий деңгээлин жогорулатуу, жаштардын маданий эс алуусун уюштуруу, эстетикалык табитин арттыруу, сергек жана активдүү жашоо образын чагылдыруу, мекенчилдикке тарбиялоо максатында уюштурулду”, - деди ОшМУнун коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректору Нуржамал Мапаева.