Эл аралык Эне тил күнү белгиленди

Башкы Жаңылыктар

Эл аралык Эне тил күнү белгиленди

Image

Ош шаарында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына жана 21-февраль - Эне тилдин эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Ош шаарындагы жогорку, орто жана кесиптик окуу жайларында билим алып жаткан ар улуттун таланттуу жаштары катышып, өз элинин каада-салты, маданияты менен тааныштырып, эне тилин даңазалашты.

Маданий иш-чаранын алкагында кыргыз, өзбек, казак, корей, индия, япон жана башка элдердин каада-салт, үрп-адаттары көрсөтүлүп, ыр-бийлери тартууланды. Аталган иш-чарага ОшМУнун  эл аралык медицина факультетинин студенттери индия элинин каада-салттарын, ыр-бийлерин тартуулашты. Ошондой эле Индиядагы Ганеш майрамы жана билимдин, акылмандыктын, рухий байлыктын символу болгон Вигхардта салттарын көрсөтүштү. Иш-чарада окуу жайдын факультет, колледжеринин улуттук каада-салттарды чагылдырган көргөзмөлөрү тартууланды.

Фото галерея