ОшМУнун волейболчулары чемпион болду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун волейболчулары чемпион болду

Image

Борбор калаадагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркектер жана кыздар арасында Кыргыз Республикасынын волейбол федерациясынын президентинин клубдар аралык чемпионаты өттү.

Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген командалар катышып, жыйынтыгында “ОшМУ-университет” кыздар волейбол клубунун оюнчулары чемпион болду. “ОшМУ-университет” эркектер волейбол клубунун оюнчулары коло медалга ээ болушту.

Чемпионаттын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, Кыргызстандын волейбол федерациясынын президенти Элмурза Сатыбалдиев катышты. Жеңүүчүлөр дипломдор, медалдар жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Турнир волейболду жайылтуу, өнүктүрүү жана эл аралык мелдештерге катышуу үчүн күчтүү командаларды аныктоо максатында өткөрүлдү. “ОшМУ-университет” кыздар волейбол клубу КРдин волейбол  боюнча жогорку лигасындагы клубдар аралык мелдешинин 2 жолку чемпиону.

Фото галерея