«Баарыбыз коррупцияга каршыбыз!» сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Башкы Жаңылыктар

«Баарыбыз коррупцияга каршыбыз!» сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Image

Бүгүн, 11-декабрда ОшМУнун базасында «Баарыбыз коррупцияга каршыбыз!» сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Иш-чарага Ош шаарынын прокурорунун орун басары Абдурашит Кубатидинов, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган жамаат, Ош шаарындагы жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын, маданият башкармалыктарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.

Аталган сынак Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата Башкы прокуратура тарабынан уюштурулган. Сынак тууралуу маалымат ушул жылдын май айында жарыяланып, ага өлкөнүн булуң-бурчунда жашаган 14 жаштан 35 жашка чейинки Кыргыз Республикасынын жарандары жекече жана чыгармачыл топ катары катышышкан.

Сынак негизинен “Мыкты плакат” жана “Мыкты видеоролик” номинацияларында жүргүзүлүп, жыйынтыгында өлкө боюнча жалпы 2 251 эмгек келип түшкөн. Анын ичинен 1 649у плакаттар болсо, 602си видеороликтер түзгөн.

ОшМУда уюштурулган жыйында жалпы катышуучуларга “Ыраазычылык каттар” тапшырылды. Андан сырткары шаардык деңгээлде орун алган жана республикалык деңгээлге эң мыкты ондукка кирген ОшМУнун “Үмүт” телестудиясынын, ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин видеороликтери көрсөтүлүп сыйлыктар тапшырылды.

8-декабрда Бишкек шаарында Башкы прокуратура уюштурган жыйынга ОшМУнун “Үмүт” телестудиясынын чыгармачыл жамааты барып катышып, сыйлыктарды алып келген.

 

Фото галерея