«Сибирь кыргыздарынын беги Эренек» китебинин автору Виктор Козодай ОшМУга келди

Башкы Жаңылыктар

«Сибирь кыргыздарынын беги Эренек» китебинин автору Виктор Козодай ОшМУга келди

Image

    Орус окумуштуусу, тарых илимдеринин доктору, профессор Виктор Козодай ОшМУда  окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков менен жолугушту. 
    Жолугушууда Виктор Козодай өзүнүн жүргүзүп жаткан  илимий изилдөө иштери, китептери тууралуу айтып, ОшМУнун Евразиялык билим берүү мейкиндигиндеги университеттердин алдыңкы үчтүгүнө кириши менен куттуктады. Окуу жайга «Сибирь кыргыздарынын беги Эренек»  аттуу китебин белекке берди. 
    Ректор Кудайберди Кожобеков окумуштуунун китебинин таанытымы Ош шаарында ийгиликтүү өткөндүгүн белгилди. Андан сырткары университеттин QS рейтингине кирүүгө карата жасап жаткан аракеттери тууралуу айтып, илимий изилдөөлөр багытта Тарых  жана социалдык иштер факультети менен кызматташуу сунушун билдирди. Бул сунушту кабыл алган Виктор Козодай мындан ары илимий изилдөө иштеринде кызматташып, биргелешкен конференцияларды, конок лекцияларды өткөрүүгө аракеттер көрүлөрүн белгиледи. 
    Окумуштуу Тарых жана социалдык иштер факультетинде студенттерге, окутуучуларга Сибирь кыргыздарынын беги Эренек жөнүндө конок лекциясын өттү. 
    Виктор Козодай Сибирь тарыхы боюнча белгилүү окумуштуу, анын  «Сибирь кыргыздарынын беги Эренек»  китеби ноябрь айында Бишкек шаарында, 10-декабрда Ош шаарында өттү.

Фото галерея