Туризм адистигинин студенттери Экотонго катышты

Башкы Жаңылыктар

Туризм адистигинин студенттери Экотонго катышты

Image

Кыргызстанда климаттык өзгөрүүлөрдүн терс натыйжалары менен күрөшүүгө арналган долбоордун алкагында уюштурулган экологиялык  хакатонго Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин туризм адистигинин 6 студенти катышып келди.
Анда студенттер  климаттын өзгөрүшү жана туруктуу туризм көйгөйлөрү жөнүндө маалымат алышты. Мындан сырткары чакан жана орто бизнестин экопринциптерге өтүүсүн стимулдаштыруу үчүн санариптик чечимдерди иштеп чыгуу жана колдонуу, IT жана санариптик жөндөмдөрдү калыптандыруу, университеттердин, бизнес секторунун жана IT секторунун ортосунда колдоо  жана өз ара аракеттенүү тармагын түзүү  боюнча көнүмдөргө ээ болду.
Экотонго өлкөнүн бардык аймактарынан тандалып алынган 50дөн ашуун чыгармачыл студенттер, IT адистери, экоактивисттер, экоблогерлер, профессионал насаатчылар жана туруктуу туризм тармагындагы эксперттер катышты.
Иш-чараны IDEA Борбордук Азия жана Кыргызстандагы туристтик тармакта энерго-ресурстарды натыйжалуу пайдалануу (ПЭРЕТЭ) долбоору уюштуруп, Европалык союздун SWITCH-Asia программасы тарабынан каржыланган.

 

Фото галерея