Борбордук улуттар университети менен Орто Азия изилдөө борборун ачуу пландалууда

Башкы Жаңылыктар

Борбордук улуттар университети менен Орто Азия изилдөө борборун ачуу пландалууда

Image

ОшМУнун ректору К. Кожобековдун  Кытай Эл Республикасына болгон сапарынын алкагында Пекиндеги Борбордук улуттар университетинде болуп, окуу жайдын ректору Го Гуаншэн мырза менен кезикти.

Тараптар жолугушууда эки окуу жайдын базасында ачылган «Кыргыз-Кытай гуманитардык борборлорунун» ишмердүүлүгүн талкуулашты. Ошондой эле  PhD докторанттарды алмашуу, илимий изилдөө долбоорлорун ишке ашыруу, студенттер үчүн электрондук китепканалардан колдонуу,  Орто Азия изилдөө борборун ачуу, окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгү жана исскуство жаатында алмашууларды ишке ашыруу талкууланды.

ОшМУ бул окуу жай менен 2019 жылдан бери кызматташып келет. Кызматташуунун алкагында эки окуу жайда «Кыргыз-Кытай гуманитардык борборлору» ачылып, ОшМУнун бир магистранты Пекинде окуп жатса, Борбордук улуттар университетинин студенти ОшМУнун исскуство факультетинде магистратурада билим алууда.

Фото галерея