Орусияда билим алып жаткан Тилайым Шамшиева сынакта I орунду ээледи

Башкы Жаңылыктар

Орусияда билим алып жаткан Тилайым Шамшиева сынакта I орунду ээледи

Image

ОшМУ менен Түштүк-Урал мамлекеттик университетинин ортосунда түзүлгөн меморандумдагы кош дипломдуу билим берүү программасы боюнча Түштүк-Урал мамлекеттик университетинде 4-курста билим алып жаткан Тилайым Шамшиева бүткүл орусиялык   сынакта I орунду ээледи.

“Орус тили дүйнөгө: кызматташтык жана демилге»  аттуу илимий-практикалык сынак Түштүк Урал мамлекеттик гуманитардык-педагогикалык университети тарабынан уюштурулган. Сынакка Орусия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Колумбия, Мали, Түркмөнстан жана Сенегалдан келген студенттер катышкан.

 Долбоордун иши адабият таануу, тил илими, искусство, аймак таануу жана окутуунун усулдары сыяктуу бир нече багыттар боюнча көрсөтүлгөн.

Тилайым Шамшиева ф.и.д, профессор  Татьяна Семян жетекчилиги астында “Ч.Айтматовдун  “Жамиля” повестинин котормосунун өзгөчөлүктөрү” аттуу эмгегин жазып, анда Чыңгыз Айтматовдун прозасын которуунун поэтикасын изилдеген.

 Сынактын калыстар тобу Тилайымдын эмгегин жогору баалап, “Тил илими” багыты боюнча биринчи орунду ыйгарышкан.

«Тилайым Түштүк-Урал мамлекеттик университетинде чет элдик студенттер өткөргөн иш-чараларга активдүү катышат, жакшы окуйт жана бул мага адабият мугалими катары өзгөчө жагымдуу. Орус авторлорунун ырларын көркөм окуй алат жана  жатка билет. Тилайымга мындан ары да окууларына  ийгилик каалайм!” – деп белгилейт профессор Татьяна Семян.

ОшМУ менен Түштүк-Урал мамлекеттик университети  кош дипломдуу билим берүү программасы боюнча 2020-жылы келишимге кол койгон.  

Тилайым Шамшиева 1-2-курста ОшМУнун Орус филологиясы факультетинде билим алган, ал эми 3-4 курсту Түштүк-Урал мамлекеттик университетинде билим алып жатат. Быйыл окууну аяктаган соң эки окуу жайдын дипломуна ээ болот.

 

Маалымат булагы:  https://www.susu.ru/ru/news/2023/12/05/studentka-filolog-imsgn-zanyala-i-mesto-v-konkurse-russkiy-yazyk-miru

Фото галерея