Кытайдын ЖОЖдору менен болгон байланыштар кеңейүүдө

Башкы Жаңылыктар

Кытайдын ЖОЖдору менен болгон байланыштар кеңейүүдө

Image

Эл аралык QS рейтинги боюнча дүйнө жүзүндөгү “Эң мыкты 400” университеттин  катарына кирген Кытайдын Сямэнь университети менен ОшМУ кызматташуу келишимине кол койду.  Келишимге ректор Кудайберди Кожобековдун Кытайга болгон иш сапарынын алкагында жетишилди.
Анда ректор К.Кожобеков Сямэнь университетинин ректору Чжан Зун И жолугуп, студенттер ортосундагы академиялык мобилдүүлүк программасы, окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу, эки окуу жайдын илимпоздорунун биргеликте илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүсү, биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу долбоорлорун  талкуулашты.
Сямэнь университетинин ректору Чжан Зун И  ОшМУ менен кызматташууга кызыктар экендигин билдирди.
Сямэнь университети Кытайдын жогорку окуу жайларынын ТОП 10  тизмесине кирген эң мыкты университеттердин бири. Окуу жай искусство жана гуманитардык илимдер, инженерия жана технология,социалдык илимдер, табигый илимдер, коомдук илимдер боюнча дүйнө жүзүндө  алдыңкы орунда.
Ректор К.Кожобеков сапардын алкагында эртең 7-декабрда Пекин шаарында  "Эл аралык кытай тилинин өнүгүүсү" аталышындагы конференцияга катышат.

Фото галерея