БУУнун модели - жаштарга глобалдык маселелерди талкуулоодо аянтча болуп берет

Башкы Жаңылыктар

БУУнун модели - жаштарга глобалдык маселелерди талкуулоодо аянтча болуп берет

БУУнун модели - жаштардын глобалдык маанилүү маселелерди талкуулоосу үчүн аянтча болуп саналат. Аталган модель Бириккен Улуттар Уюмунун ишин чагылдырган, мектеп окуучуларына жана студенттерге билим берүү жана окутуу максатында түзүлгөн. Ага ылайык окуу жайдын башкы имаратында ОшМУнун Бириккен Улуттар Уюмунун модели аталышындагы конференция өттү.

 Жыйынга ОшМУнун, Ош шаарында жайгашкан ЖОЖдордун студенттери жана мектеп окуучулары катышты. Катышуучулар  БУУнун мүчө-мамлекеттеринин жана эл аралык уюмдардын расмий өкүлдөрүнүн ролдорун алышып, бир катар күн темалары боюнча өз кызыкчылыгын коргошту. Алар дүйнөдө болуп жаткан жакырчылык, терроризм, климаттын өзгөрүлүшү, экологиялык көйгөйлөр, жаш балдарды коргоо, Жакынкы Чыгыштагы гуманитардык абал сыяктуу маселелерди чечүү үчүн сунуштарды беришти.

Конференциянын жүрүшүндө катышуучулар чыныгы Бириккен улуттар уюмунун иши жөнүндө кеңири маалыматка ээ болушту жана сүйлөө чеберчилиги, аналитикалык ой жүгүртүү, эл аралык мыйзамдар жана отурумдар, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, команда менен иштөө сыяктуу көндүмдөрдү өнүктүрүштү.

“Бул аянтчада катышуучулар актуалдуу маселелерди талкуулашып, креативдүү жана чыгармачыл ой-жүгүртүүнү өнүктүрүшөт жана иш-чаранын темасы тууралуу жакыныраак билишет. Андан сырткары досторду табышат. Студенттер дүйнөдөгү болуп жаткан бардык көйгөйлүү маселелер менен тааныш болуп, аны чечүүнүн жолдорун издешет. Туруктуу өнүгүүнүн максаттары менен тааныш болушат”, -деди ОшМУнун коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректору Нуржамал Мапаева.

ОшМУда биринчи ирет уюштурулган симуляциялык конференцияга өкүлдөр анкетирлөө жолу менен, комиссия тарабынан тандалып алынган. Анда катышууну каалаган студенттер жана окуучулар Google формада мотивациялык кат жазып, иш-чарага байланыштуу суроолорго жооп берүүсү талап кылынган.

Фото галерея