Өлкөдөгү  7 билим берүү мекемесин  ОшМУ жетекчиликке  алды

Башкы Жаңылыктар

Өлкөдөгү  7 билим берүү мекемесин  ОшМУ жетекчиликке  алды

Image

ОшМУ өлкөдөгү 7 орто жана башталгыч  билим берүү мекемесин  жетекчиликке алып, ар тараптуу көмөк  көрсөтөт. Алар  Ош шаарындагы №52  Кыргыз-Түрк достугу мектеп-лицейи,  “Билим”  лицейи, “Зирек” башталгыч билим берүү мекемеси, Ош облусундагы  №87  С.Алайчы атындагы инновациялык мектеп-гимназия комплекси, “Ноокат” гимназиясы,  Ак Суу орто мектеби,  Чүй облусундагы Байтик Канай уулу атындагы орто мектеби.

2024-жылдын январ айынан тартып ОшМУнун базасында бул орто жана башталгыч  билим берүү мекемелеринин мугалимдери үчүн  окуу курстары уюштурулат. Ошондой эле университеттин  лицей-гимназиялары менен таанышып, тажрыйба алмашышат. Андан сырткары аталган  билим берүү мекемелеринин ортосунда мугалимдердин мобилдүүлүгү дагы ишке ашырылат.

Буга байланыштуу ОшМУнун жетекчилигине бекитилген билим берүү мекемелеринин директорлору менен кеңешме өткөрүлүп, ага  университеттин орто кесиптик билим берүү департаментинин директору Чыңгызбек  Мамажакып  уулу катышты. 

Кеңешмеде аталган  билим берүү мекемелери менен кызматташуу, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, тажрыйба алмашуу, окуучуларды ЖРТга даярдоо боюнча маселелер талкууланды. Ошондой эле мындан ары кызматташуунун жол картасын иштеп чыгып, аны аткаруунун моделдери сунушталды.

Бул иш-чаралар Билим берүү жана илим министрлигинин өзгөчө статуска ээ ЖОЖдордун жетекчилигинде жалпы билим берүүчү  мектептердин потенциалын жогорулатуу, жогорку окуу жайлар менен тыгыз өнөктөштүктө  окутуунун натыйжаларын жакшыртуу боюнча чыккан буйругунун алкагында ишке ашууда.

Фото галерея