Билим лицейинин жетекчиси алмашты

Башкы Жаңылыктар

Билим лицейинин жетекчиси алмашты

Image

“Билим” лицейинин директору Жоогазын Болушеванын башка кызматка которулгандыгына байланыштуу Нурсултан Кубанычбек уулу лицейдин директору болуп дайындалды.
2023-жылдын 4-декабрь күнү жаңы дайындалган директор Нурсултан Кубанычбек уулун ОшМУнун орто кесиптик билим берүү департаментинин директору Чыңгызбек Мамажакып уулу жамаатка тааныштырды.
Нурсултан Кубанычбек уулу ОшМУнун тарых факультетин аяктаган. Ал окуу жайда студенттик акыйкатчы, "Билим" лицейинин директорунун окуу иштери боюнча орун басары, "Кара-Суу" гимназиясынын директору кызматтарын аркалаган. 2021-жылдан бери тарых жана социалдык иштер факультетинде окутуучусу болуп эмгектенип келет.

Фото галерея