Франциянын элчиси  Франсуа Делаус ОшМУга окуу китептерин тапшырды

Башкы Жаңылыктар

Франциянын элчиси  Франсуа Делаус ОшМУга окуу китептерин тапшырды

Image

Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делаус студенттер үчүн француз тилинде 100гө жакын окуу китептерин тапшырды. Китептерди окуу жайдын дүйнөлүк тилдер жана маданият, Эл аралык мамилелер жана Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин француз тилинде билим алган студенттери колдоно алышат.
Элчи мырза Франсуа Делаус ОшМУга болгон сапарынын алкагында окуу иштери боюнча проректору Нурлан Омуров менен жолукту. Сүйлөшүүдө Франциядагы  жогорку окуу жайлар менен ОшМУнун кызматташуу алакаларын бекемдөө, билим берүү программаларын ишке ашыруу, окутуучулардын, студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн арттыруу багыттарын талкуулашты.
Ошондой эле ОшМУнун окутуучуларын 2024-жылдын июнь айында Пуатье университетинде Орто Азиядагы ЖОЖдордун окутуучулары үчүн уюштурулуп жаткан тажрыйба алмашуу курсуна чакырды.
“Мен ОшМУга экинчи ирет келип жатканыма абдан кубанычтамын. Анткени бул жерде керемет инсандар эмгектенип, мыкты студенттер билим алат. Мага окуу жайдагы аура ар дайым жакшы элестерди калтырат. Мындан эки жыл мурун кызматташуу келишимине кол койдук эле, азыр бул келишим өз жемишин берип жатат десем жаңылышпаймын. Ошондой эле ОшМУдагы студенттер француз тилин окуп, үйрөнүп жатканы мени кубандырат”,- деп билдирди Франциянын Кыргызстандагы элчиси  Франсуа Делау. 
Элчи Франсуа Делау студенттер менен жолугуп, баарлашты. 
Учурда ОшМУ Франциянын Пуатье университети менен “Ерасмус+ КА 171” программасынын алкагында кызматташып келүүдө. Ага ылайык, ОшМУнун окутуучулары жана студенттери Пуатье университетинен бир семестр окуудан өтүп, семинар-тренингдерге катышат.

Фото галерея