“Кыргызстандын мыкты студенти-2023” сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Башкы Жаңылыктар

“Кыргызстандын мыкты студенти-2023” сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Image

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Салымбеков Университетинин колдоосу менен “Кыргызстандын мыкты студенти-2023” Республикалык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды.

Сыйлоо аземде өлкөнүн бардык аймактарынан келген эң активдүү жана окууда ийгиликтерди көрсөткөн студенттерге атайын дипломдор жана төш белгилер тапшырылды.

Арасында ОшМУнун Теология факультетинин студенттери Жолборс уулу Мухаммедмуса, Авазбек уулу Саутбек, Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин студенти Данияр кызы Майрамкан, Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин Россия жана Евразия интеграция бөлүмүнүн студенти Айсезим Макамбаева, Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин студенти Кумарбек уулу Баймырза, Жаныбек кызы Сонунбүбү, Педагогика жана психология факультетинин студенти Надыркул кызы Жамийла  бар.

Сыйлыктарды коомдук ишмер, меценат, Салымбеков Университетинин негиздөөчүсү Аскар Салымбеков, саясий жана мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Медеткан Шеримкулов жана жаш ишкер Доорон Кубатбеков тапшырышты.

Мыкты студент деген наамга арзыган бардык студенттерди окуу жайдын жалпы жамаатынын атынан куттуктайбыз.

Фото галерея