ОшМУнун окутуучулары республикалык сынактын жеңүүчүсү аталды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун окутуучулары республикалык сынактын жеңүүчүсү аталды

Image

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана “Кыргыз Республикасынын музыка ишмерлер союзу” коомдук бирикмеси, Кыргыз улуттук "Манас" теарты залкар талант ээлери, эл шайырлары Атай Огонбаевдин, Муса Баетовдун, Шекербек Шеркуловдун жана Калмурат Нурдөөлөт уулунун 120 жылдык мааракелерине арналган ырчы-аткаруучулар жана комузчулар арасында республикалык кароо-сынак өттү. Сынакка Искусство факультетининин окутуучусу, КРнын эмгек сиңирген артисти, обончу жана аткаруучу Абыдкерим Ахмедов жана аталган факультеттин окутуучусу , обончу, аткаруучу Эламан Жалалов  Ош шаарынын атынан катышып, баш байгени жеңип алышты. Эламан Жалалов диплом, 40 000 сом акчалай сыйлык, Абдыкерим Ахмедов диплом, 25000 сом акчалай сыйлык менен сыйланышты. 
Жеңиш ээлерин ОшМУнун жалпы жамаатынын атынан куттуктайбыз!