Көрүнүктүү окумуштуу, ОшМУнун профессору Идирис Кенжаев 70 жашта

Башкы Жаңылыктар

Көрүнүктүү окумуштуу, ОшМУнун профессору Идирис Кенжаев 70 жашта

Image

Кыргызстанда алгачкылардан болуп өндүрүшкө киргизилген кичи ГЭСтер, электрод-иондук жана күн нуру аркылуу иштөөчү мештер, күн нуру аркылуу иштөөчү светофорлордун ойлоп табуучусу, техника илимдеринин доктору, профессор, КРдин инженердик академиясынын академиги, ОшМУнун табигый ресурстар борборунун башкы илимий кызматкери  Идирисбек Кенжаевдин 70 жаш мааракеси белгиленди. 
Көрүнүктүү окумуштуунун мааракесине жана БУУнун Башкы ассамблеясынын “Туруктуу тоолорду өнүктүрүү” резолюциясы менен жарыяланган тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын 5 жылдыгына арналып окуу жайда “Төртүнчү өнөр жай революциянын шартында өлкөнүн илимий-технологиялык өнүгүүсү” аталышында эл аралык  илимий-практикалык конференция уюштурулду.
Иш-чара онлайн жана кадимки шартта өттү. Ага Орусия, Польша, Казакстан, Өзбекстан, Таджикистан жана Кыргызстандан белгилүү окумуштуулар, өлкөдөгү ЖОЖдордон өкүлдөр жана түштүк аймагындагы ЖОЖдордун ректорлору, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, ректор Кудайберди Кожобеков, профессордук-окутуучулук курам, студенттер, шакирттери катышты.
Илимий-практикалык конференцияда коноктор И.Кенжаевдин 70 жаш мааракеси менен куттуктап, анын илимдеги орду, илимий эмгектери  өлкөнүн энергетика тармагына кошкон салымы чоң экендигин баса белгилөө менен бирге анын жетекчилиги астында бир нече илимий ачылыштар, долбоорлор ишке ашырылганын кошумчалашты. Ошондой эле иш-чарада илимий баяндамалар окулду.
Профессор И.Кенжаевдин жетекчилиги менен 4 илимдин кандидаты даярдалып, 3 докторант, 4 PhD докторант жана 2 аспиранттар жана изденүүчүлөр илимий иштерин жыйынтыкташууда. 
Ал 1 монографиянын, 1 окуу китебинин, 15тен ашуун окуу методикалык колдонмолордун, 100дөн ашуун  илимий макалалардын 7 ойлоп табууга берилүүчү патенттердин автору.

Фото галерея