“STUD Talant ” сынагынын жеңүүчүсү аныкталды

Башкы Жаңылыктар

“STUD Talant ” сынагынын жеңүүчүсү аныкталды

Image

ОшМУда Р. Абдыкадыров атындагы маданий-эстетикалык борбору тарабынан уюштурулган факультеттер аралык “STUD Talant” аттуу таланттуу студенттердин ыр сынагынын финалы өттү. Сынакты ОшМУнун коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректору Нуржамал Мапаева ачып, жаш таланттарга ийгилик каалады.

Сынактын финалдык баскычында факультеттерден тандалып алынган эң мыкты 11 талант биринчилик үчүн ат салышты. Жыйынтыгында Эл аралык мамилелер факультетинин 1-курсунун студенти Мунара Орматаева “Ким билет” атуу чыгармасы менен баш байгени жеңип алды. Ал эми 1-орунду Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин 2-курсунун студенти Раатбек Төрөгелдиев “Сүйүү балы” чыгармасы менен, 2-орунду Медицина факультетинин 1-курсунун студенти Улан уулу Атабек “Айылга кат” чыгармасы менен, 3-орунду Тарых жана социалдык иштер факультетинин 1-курсунун студенти Сезим Бактыбекова “Уркуя” атуу чыгармасы менен жеңип алышты.

Сынак окуу жайдагы студенттерге моралдык дем берүү жана эстетикалык табитин арттыруу, таланттуу студенттерди табуу жана аларды коомчулукка даңазалоо, студенттердин өз ара ынтымагын, достугун арттыруу максатында уюштурулган.

Таланттарды тандоодо Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын директору, обончу, аткаруучу Алишер Тоотаев, белгилүү эстрада ырчылары, бир нече эл аралык сынактардын жеңүүчүлөрү Данияр Жаныбеков, Арген Асилбек уулу калыстык кылышты.

“STUD Talant ” конкурсунун жеңүүчүлөрү атайын долбоордун статуэткасы, кызыктыруучу белектер, дипломдор менен сыйланды. Уюштуруучулар бул долбоор мындан ары да салтка айланып үзгүлтүксүз өткөрүлөөрүн белгилешти.

Фото галерея