Кытайдын Кыргызстандагы элчиси студенттерге жана окутуучуларга лекция окуду

Башкы Жаңылыктар

Кытайдын Кыргызстандагы элчиси студенттерге жана окутуучуларга лекция окуду

Image

Кыргызстан Кытайдын ынак коңшусу  жана  достук мамиледеги стратегиялык өнөктөшү катары, эки мамлекеттин ортосундагы мамиле ылдамдык менен өнүгүүдө. Жакынкы жылдан бери, Кыргызстан «Бир алкак – бир жол» долбооруна активдүү катышууда жана Кытай менен бирге көптөгөн пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууда. Мындай пикирин КЭРдин Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвень айым ОшМУнун студенттерине жана окутуучуларына окуган "Бир алкак - бир жол" аттуу лекциясында айтып өттү. Элчи айым эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди чыңдоого ЖОЖдордун ортосундагы байланыш дагы чоң роль ойноп жатканын билдирди.
Иш-чарада элчи Ду Дэвень айымга ОшМУнун “Эмгек сиңирген ишмери” төш белгиси ыйгарылды. Элчи айым баштаган делегация билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу  жана ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков менен жолукту.
Анда тараптар учурда Кыргызстанда анын ичинде ОшМУда келишимдердин алкагында  ишке ашырылып жаткан кызматташтыктар, окуу жайдын Кытайдын ЖОЖдору менен болгон байланыштары, ОшМУнун кытай тилдүү адистерди даярдоо багытындагы иш аракеттери боюнча сүйлөшүлдү.

Фото галерея