Фергана политехникалык институтунун студенттери ОшМУдан академиялык мобилдүүлүктөн өтүштү

Башкы Жаңылыктар

Фергана политехникалык институтунун студенттери ОшМУдан академиялык мобилдүүлүктөн өтүштү

Image

Фергана политехникалык институтунун ага окутуучулары Эльдорбек Умронов жана   Абдусалом Сатторовдун жетекчилигинде  аталган окуу жайдын Механика жана автоунааларды оңдоп-түзөө факультетинин электромеханика адистигинин 2-3-курсунун 14  студенти ОшМУдан академиялык мобилдүүлүк проргаммасы боюнча билим алышты.

Студенттер Физика-техника факультетинин энергетика кафедрасында  22-29-ноябрь күндөрү энергетика кафедрасынын ага окутуучулары Бекболот Досонов жана Атабек Жороевдердин сабактарына катышышты. Факультеттин, окуу жайдын билим берүүгө түзүлгөн шарттары менен таанышышып, окуу имараттарына, Ош шаарынын тарыхый жайларына саякат жасашты. Андан сырткары ОшМУнун тышкы байланыштар боюнча проректору Курсантбек Аттокуров жана факультеттин деканы Зарипбек Айдарбеков менен жолугушуп, алдыдагы кызматташтыктар боюнча пикир алышты.

ОшМУ менен Фергана политехникалык институтунун ортосунда 2021-жылдын 2-ноябрында кызматташуу боюнча келишимге кол коюлган.

Фото галерея