Колледждерде кыргыз тилин окутуунун жаңы ыкмалары талкууланды

Башкы Жаңылыктар

Колледждерде кыргыз тилин окутуунун жаңы ыкмалары талкууланды

Image

Учурда перспективалуу жол менен бара жаткан колледждерде кыргыз тилин окутууга үндөө, тажрыйба алмашуу, жаратман адистердин ыкмаларын жайылтуу орчундуу маселе болуп саналат.
Буга байланыштуу окуу жайда “Кыргыз тилин заманбап технологиялар менен окутуунун методологиясы” аталышында кеңешме болду. Ага шаардагы колледждерден өкүлдөр, ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору, орто кесиптик билим берүү департаментинин директору, окуу жайдагы колледждердин окутуучулары, студенттер катышты.
Кеңешмеде колледжде билим алган студенттерге кыргыз тилин окутууда бирдиктүү программа иштөө жолдорун талкуулоо менен сунуштарды беришти. Ошондой эле, программаны практикада колдонуу боюнча көрсөтмөлөр берилди. 
Мындан сырткары технология багытында кыргыз тилин деңгээлдер боюнча окутуунун технологиясы, студенттердин функционалдык сабаттуулугун жогорулатуудагы айрым ыкмалар жана колледждерде кыргыз тили жана адабиятын окутуу боюнча окуу программаларынын түзүлүшү, иш жүзунө ашуусу боюнча баяндамалар окулду.
Уюштуруучулардын айтымында колледждерде билим алган студенттерге кыргыз тилин окутуу, үйрөттүү маселеси алгачкы жолу чоң чөйрөдө талкууланып жатат.

Фото галерея