Студенттер Өзгөндө күзгү токой отургузуу акциясына катышты

Башкы Жаңылыктар

Студенттер Өзгөндө күзгү токой отургузуу акциясына катышты

Image

Өзгөн районунун  Жалпак-Таш айыл өкмөтүндө ОшМУнун география жана туризм адистигинин студенттери  күзгү токой отургузуу акциясына катышып, көчөттөрдү  отургузушту. Акция ОшМУ тарабынан аткарылып жаткан "Курбу-Таш токой" долбоорунун алкагында уюштурулду.

ОшМУнун Тоо экосистемаларын сактоо жана жашыл инновациялар Консалтинг борборунун директору Абдижапар Аккулов  “ Акциянын максаты студенттердин талаа шартындагы практикалык сабактарын пайдалуу иштер менен айкалыштырып, өткөрүү. Ошондой эле азыркы учурдун олуттуу көйгөйү болгон бизди курчап турган чөйрөдөгү өзгөрүүлөр, ага болгон антропогендик таасирлер, тоо экосистемаларын сактоо жана климаттын туруктуулугунун мааниси, жайыттардын деградациясын токтотуу, агротокой- мелиорациялык иштер аркылуу биорекультивацияны практикалоо”,-деп билдирди.

Иш-чаранын алкагында студенттерге альтернативалык экочарба жүргүзүүнүн, жашыл аймактарды көбөйтүүгө багытталган учурдагы өлкө саясаты, ага инвестицияларды тартуунун келечектүүлүгү боюнча маалыматтар берилди.

2017-жылдын апрель-май айларындагы  Өзгөн районундагы Курбу-Таш айылын  басып калган жер көчкүнүн ордунда ОшМУнун табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин физикалык география, Кыргызстандын географиясы жана табият таануу кафедралары  тарабынан токой-чарбалык жана биорекультивациялык илимий-изилдөө иштери жүргүзүлгөн.

Жыйынтыгында, “Курбу-Таш токой” илимий-өндүрүштүк долбоору иштелип чыгып, 6 жыл аралыгында бул жерде 100 га жер аянты тосмого алынып, учурда 50 га жакын участогунда түрдүү дарактар менен бадалдардын көчөттөрү отургузулуп, өстүрүлүп жатат.

 

 

 

 

 

Фото галерея