Туризм адистигинин студенттери жана магистранттары эл аралык студенттик конференцияга катышты

Башкы Жаңылыктар

Туризм адистигинин студенттери жана магистранттары эл аралык студенттик конференцияга катышты

Image

Ташкент шаарындагы Альфраганус университетинде өткөн “Үчүнчү ренесанс - билим жана өнүгүү: өтмүш, бүгүн жана келечек” аттуу I эл аралык студенттик конференцияга ОшМУнун табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин туризм программасынын 1-курсунун магистранты Сагынбек кызы Глафира (илимий жетекчиси проф. А.Г.Низамиев), туризм программасынын бакалавр багыты боюнча 4-курсунун студенттери Нурбек кызы Нургиза жана Абдурашит кызы Канзаадалар  (илимий консультанты доцент Г.А.Момошева) катышты.

Магистрант жана студенттер өздөрүнүн изилдеген темалары боюнча доклад окуп, уюштуруучулар тарабынан сертификаттарга ээ болушту. Жамаатты экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасынын окутуучусу Гүлкайыр Базарбаева жетектеп барды.

Альфраганус университетинде экономика, филология, педагогика, социалдык илимдер, санариптик технологиялар, медицина, дене тарбия жана спорт, туризм факультеттери бар.  Университет 10 багытт магистратура программасы боюнча да билим берет.

Фото галерея