«Америка маданиятынын жумалыгы» өтүп жатат

Башкы Жаңылыктар

«Америка маданиятынын жумалыгы» өтүп жатат

Image

Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде «Америка маданиятынын жумалыгы» башталды.
Жумалыктын алкагында окуу жайдын башкы имаратына сүрөт, тамак-аш көргөзмөсү коюлду. Студенттер АКШнын тарыхы жана маданияты камтылган улуттук кийимдерди кийишип, ал өлкөдөгү маданият, тарых, өнөр тармагында эмгеги сиңген улуу адамдарды чагылдырган чакан сахналык көрүнүштөрдү коюшту.
Жумалыктын алкагында студенттерге АКШнын ЖОЖдорунан билим, тажрыйба алмашып келүүгө ылайыкташкан программалар боюнча маалыматтар берилет.
Иш-чаранын максаты АКШнын кол өнөрчүлүгүн жана атактуу жерлерин презентациялоо менен бирге студенттерди англис тилдүү өлкөлөрдүн маданият, каада салттарына болгон кызуугусун арттыруу жана ошондой эле  студенттердин чыгармачылык жана интеллектуалдык жөндөмдөрүн өнүктүрүү .

Фото галерея