Студенттер робот-машина жасашты

Башкы Жаңылыктар

Студенттер робот-машина жасашты

Image

Университеттин математика  жана информациялык технологиялар факультетинин студенттери Нурзада Абдиллаева, Алишер Манапов, Мухамедалы Бакиров эң жөнөкөй күнүмдүк колдонуучу бөтөлкөнүн капкагынан жана майда тетиктерден  робот-машинанын макетин жасашкан.Робот-машинаны адам барууга татаал болгон жерлерди изилдөөгө  пайдаланса болот.
 “Технология өнүккөн дүйнөдө биз роботту жасоого адаттан сырткары көз караш менен мамиле кылууну чечтик. Кымбат баалуу компоненттерге кайрылбастан, баарына оңой табыла турган күнүмдүк буюмдарды колдондук. Бул долбоордо бир гана функционалдуу роботту жасабастан, студенттерди жана энтузиасттарды минималдуу чыгым менен өз идеяларын ишке ашырууга шыктандырууну көздөдүк”, - деди макетти жасаган студенттердин бири Алишер Манапов.
Студенттер макеттин жасалышы боюнча  2023-жылдын 25-ноябрында   өткөрүлгөн  “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу X юбилейлик аймактык студенттик илимий конференцияда “Жеткиликтүү материалдардан чынжыр дөңгөлөктүү робот-машинаны жасоо” аттуу темада баяндама жасап, айтып беришкен.

Фото галерея