Студент кыздардын жүрүм-турумуна жана өздүк гигиенасына арналган жыйындар башталды

Башкы Жаңылыктар

Студент кыздардын жүрүм-турумуна жана өздүк гигиенасына арналган жыйындар башталды

Image

ОшМУнун Аялдар кеңеши окуу жайдын Медицина факультетинин акушердик жана гинекология кафедрасы менен биргеликте пайдалуу жолугушууларды уюштура баштады.

Ноябрь айынын иш планына ылайык атайын түзүлгөн график боюнча  факультеттерде, колледждерде “Үй-бүлөнү пландаштыруу”, “Кыздардын гигиенасы”, “Жыныстык жактан жугууштуу оорулардын алдын-алуу” темаларында кеңеш берүүчү жыйындар өтүп жатат.

Буга чейин Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинде жана медициналык колледжде өтсө,  27-ноябрда окуу жайдын Математика жана информациялык технологиялар жана Физика-техника факультетинин студент кыздары үчүн уюштурулду. Жыйында акушердик жана гинекология кафедрасынын башчысы Зейнеп Исраилова маалымат берип, студенттердин суроолоруна жооп берди.

Студент кыздардын жүрүм-турумуна жана өздүк  гигиенасына арналган жыйындар бардык факультет, колледждерде уланат.

 

Фото галерея