Юридикалык билим берүүдө санариптештирүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды

Башкы Жаңылыктар

Юридикалык билим берүүдө санариптештирүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды

Image

ОшМУнун юридика факультетинде “Юридикалык билим берүүнү жана илимди туруктуу өнүктүрүүгө өтүүдө санариптештирүүнүн ролу” деген темада эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.

Конференцияны ачылыш аземинде ОшМУнун илимий иштер боюнча проректор Руслан Арапбаев, Президенттин Ош облундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев,  Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев, Ош шаардык кеңешинин депутаты Болот Баетов, Ош шаардык юстиция башкармалыгынын башчысы Уларбек Жунусов, Ташкент мамлекеттик юридикалык университетинин доценти Серикбек Муратаевдер сөз сүйлөп, конференциянын темасынын актуалдуулугун белгилешти.

Онлайн режиминде конференцияга чет өлкөлүк университеттерден  Бостон колледжинин (АКШ) доценти Э.Джоан Блум, Патрак университетинин профессору (Греция) Майкл Парусис, Орусиянын, Кыргызстандын   ЖОЖдорунун окумуштуулары катышты.

Конференцияда Кыргызстандагы  юридикалык билим берүү жана илим тармагындагы санариптештирүүнүн актуалдуу маселелери талкууланып, баяндамалар жасалды.

Фото галерея